Кыргыздын чыныгы түпкү теги!

 Урматтуу блогдун окурманы, мен үйүмөн 1991-жылы басылмага берип чыгарылган, “Кыргыздар” аттуу китеп окуп чыктым. Андан сон мындай жыйынтыка келдим,балким ошол китепти интернет дүйнөсүнөн кайрадан жан берип, өз окурмандарын табат деген өңүттө чыгардым. Жок дегенде ар-бирибиз, бир аздан көз чаптырып окусак, өзүбүздүн тарыхыбызды билип, унутта калтырбайбыз деп тилек кылам.

Тарыхтарда жана тарых билген кишилердин айтуусуна караганда Сибириянын түштүк тарабынан жердеген түрк элинин абыдан атактуусу кырыгз эли экендиги белгилүү. Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү. Мындан 4800 жыл чамалуу илгери атагы ааламга белгилүү болгон Угуз хандын бир небереси Кыргыз деген киши экен. Кыргыз эли ошол Угуздун Кыргыз небересинин насилинен тараган деп айтылат. Азыркы кыргыз наамындагы элдин баарын эле ошол Угуздун небереси болгон Кыргыздын тукумдары деп ойлоого болбойт.

Кыргыздын жердеген жери мал багууга жайлуу болгондуктан,мал өстүрүү үчүн көчүп барып кошулгандар да болгон.

Түрк тарыхындагы атактуу тарыхчынын бири болгон Абулгазынын эмгегинде кыргыз тууралу төмөнкү сөздөр жазылган: “Угуз хандын  Кыргыз небереси бар эле,кыргыз эли ошонун насилинен, укум тукумунан болот”-дейт. Жазганга караганда ошол убакта кыргыз насилинен тараган кишилер аз болчу. Монгол, татар, жана уйгур ууруларынан оттуу, суулу жерлерди издеп барышып, кыргыз элинин арасында турушуп, кийин кыргыз атагын көтөрүп калышкан деп айтылат. Булар жалпысынан кырыгз жана кемчут деген эки жама эл болуп, көп жылдар бири-бирине аймакташ болуп жашаган. Жеринин бир тарабын Селенги, экинчи тарабынан Анкара-муран деген эки чоң агын суу ээлеген. Анкара-муранга кыргыз чегинен өткөндөн кийин көп туура суулар кошулуп бара-бара улуу сууга айланып, Ассы денизине куят. Куйган жеринде, деңиз жакасында бир чон шаар болуптур. Жердегендердин кендери жана аяктуу малдары абдан көп экен. Жылкысы зоот келип, алардын бир жаштагы тайы биздин эки жаштагы жылкыбызга барабар! Жылкылары чылгый ала болуп, башка түстүү болуп, башка түстүү болбоптур. Ушул шаардын аты Алакчын. Шаардын тегерегинде күмүш кенине бай жерлери көп болуп, ошондон ал элдин казан аяк, табагы, кашык, зооту дээрлик күмүштөн жасалчу экен. Бул элдерди кийин өзбектер макал кылып “ала жылкылуу, алтын очоктуу эл” деп аташкан. Кыргыз хижараттан 3400 жылдар илгери атагы дайын болгон Угуз хандын кыргыз деген небересинен насилинен экендиги, ошондон тарагандыгы, кадимки эзелки мамлекет экендиги кытай тарыхтарында көп замандан бери маалым. Кыргыздар мындан 2100, 2200 жылдар илгери Хун мамлекетинде батыш тарабын ээлеген. Кыргыз эли Хун мамлекетинин кол алдында болгон заманда Эне-Сай губерниясынан түштүк жагында могол насилинен болгон элдер менен катышкан. Буларга аралашып кетүүнүн натыйжасында кемчут наамы кылып, Хягыс атагы басымдуулук кыла баштаган. Бирок бул Хягыс деген атак кытайлар тарабынан айтылып, ал эми элдер өзүлөрүн дайыма эле кыргызбыз деп жүрүшкөн. Чинлилердин маалыматы боюнча ошол заманда кыргыздардын жазуулары, тилдери уйгурларга жакын келип, диндери шаман дининде болгон деп божомолдонот. Алтынчы кылымдын аягында кыргыздар абдан кубаттуу мамлекет куруп, күн чыгышы Байкал көлүнө, күн батышы түштүк Туркестанга чейин жайылган. Тарыхтарда кыргыздын атагы так белгилүү болгон кези мына ушул кылымдар болот.

Кыргыздын ошол атагы чыккан мезгилин тактоонун дагы бир мисалы 569-жылы Ту-Хю деген ат менен белгилүү болгон түрктөрдүн уулу ханы Дизавулга Император Юстин 2  тарабынан элчилике жиберген Земарк деген тартуу кылып жөнөткөн бир кул, кыргыз улутунан болгон. 758-жылдарда кыргыз падышачылыгы уйгурлар тарабынан күчсүздөнө баштаган. Ошондон кийин кыргыз тууралу маалымат тарыхтарда кемий баштаган. 836-жана 841-жылдарда уйгур мамлекети күчсүздөнөт. Ошол убактарда кыргыздар кайтадан кубаттанып өзү өзү бийлей баштайт. 840-жылда кыргыздар менен уйгурлар арасында согуш болот. Уйгурлар жеңилет, алардын бир бөлүгү кыргыздар өзүнө каратат.  Ошол кезде кыргыздын жердеген жери Эне-Сай жылгасынын жогорку тараптары болот. 873-жылдырдын баштап кыргыздар башкача айтканда “Хягас” жөнүндө кытай тарыхында маалыматтар түгөнө баштайт. Андан ары 10 кылымдарда кыргыз падышалыгы күчсүздөнүп, уйгурлар кыргыздын кол алдынан бошонуп чыгышат.

Чынгыздын доорунда (13 кылым) кыргыз Чыңгыздын кол алдына кирет. Бул жөнүндө тарыхчы Абдулгазы мындай дейт: “Чыңгыз хан Алтан менен Турамыш деген кишилерди элчи кылып кыргызга жиберет, мага багынсын деп. Ошол убакта кыргыздын падышасы Орос-айнал деген киши экен. Ал “жакшы” кишилерди көп тартуулар менен жиберип, багынууга макулдугун билдирет. Тартуунун башы тумшугу,буту көзү кызыл ак шумкар болуптур”.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *