Каракол түрмөсүндөгү ачкачылык

Абактагылардын  жакындары алып келген тамак аштарын СИЗОнун кызматкерлери алуудан баш тартышкандыктарын жана аларга жакындары тууралу эч маалымат берилбей жаткандыктарын ыйгарымдуу өкүлгө билдиришип, бүгүн 7-декабрь күнү областтык администратциянын жыйындар залында болушту.

Буга байланыштуу областтык күч органдардын жетекчилери менен Ыйгарымдуу өкүл М.Асанакунов алар менен жолукканда, камактагылардын жакындарынын талабы укук коргоочу К. Рузиевди комиссиянын катарына кошуу болду. Комиссиянын төр агасы К. Сооронбаевдин айтуусунда баардык камераларда өздөрү камдап алышкан тамак аштары жана бир мешоктон нандары болгондугу аныкталган жана муну видео камерага түшүрүп алышкан. Ошондой эле түрмөнүн жетекчиси Т. Асанбаевдин билдирүүсүндө бүгүнкү күндө дагы эртең мененки, түшкү, кечики тамактар жасалып жатат. Бирок алышпагандыктан төгуугө аргасыз болушууда. Ал эми жакындары алып келген тамактан өздөрү баш тартышкан. Мындан сыркары ачкачылык жарыялагандардын койюп жаткан талабы ал жерде олтургандардын баардыгына тиешелүү эмес. Бул жерде камераларды ачып коюуу менен кенен кесири бийлигин жүргүзсү келген “Положенестердин” кызыкчылыгы бар экендигин белгилейт. Ошондой болсо дагы ыйгарымдуу өкүл жакындарынын талабын орундатып Рузиевди коммисянын курамына кошууну сунуштады дейт ыйгарымдуу өкүлдүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *