Чолпон-Атада шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгы чыкты

Шаардык кеңешке 7 партия ат салышкан. Алардын ичинен алдына-ала маалымат боюнча “Республика” партиясы 18, 65 пайыз добуш. Ал эми экинчи “Улуу Кыргызстан” 17,7 жана “Мекен ынтымагы” 15,79 пайыз добушка ээ болушту. Бул тууралу БШКнын Ысык-Көл району боюнча атайын өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында шаар боюнча 3 шайлоо участкасы иш алып барды: ” Чолпон – Ата шаарындагы 6575 шайлоочунун 2097 адамы же 31,9 пайызы адам  жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоодо активдүүлүктөрүн көргөзө алышты. Учурда  райондогу айылдык окруктагы 33 участканын пратаколдору алынып, иш алып барылууда”-дейт У. Жылкыбаев.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *