Караколдогу Жаштар Жарманкеси!!

Каракол шаарынын борбордук аянтында 10-ноябрь жаштар күнүнө карата, жаштар уюумунун демилгеси менен акция болду. Анын негизги максаты жаштардын коомчулукка активдүү аралашуу үчүн багыталган. Иш чарага шаардагы жаштар эмгектенген уюм, мекемелер катышышты. Бул туурасында Каракол шаардык “Өнүгүү үчүн” жаштар борборунун жетекчиси Азамат Аманатов билдирди.

Анын айтымында ушул жылдын 12-августунан, 10-ноябрга чейин бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүн белгилөө үчүн үч айлык акция жарыяланган: “Иш чара Караколдо окуган айылдан келген студенттерге уюмдар менен тааныштыруу жана жаштарды келечекке үндөөгө активдүүлүккө чакыруудабыз”-дейт А.Аманатов

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *