Ошко саякат! “Озгорууну озундон башта”!

Ордолуу Ош шаарында 4-5-6 октябрада Жаштар Форуму болуп отту! Бул форумга олкобуздун 7 дубанынан жаштар келип катышышты.

Форумга мен дагы катыштым, чындыгында мага Ошко баруу,жолдун узактыгыгы абдан кыйнап койду. Каракол шаарынан Ошко чейин 1 кунду талап кылат экен! Ал эми биз Караколдон 6 адам бардык элек, кечки 8-9 чамалагында жетип бардык. Чындыгында Ош шаары мени тан калдырды, экинчи Бишкек шаары экен. Биз жетип барганда эле кыргыз койногун кийген,колунда нан кармаган чырайлуу кыздар жана Ош шаарынын активдуу жаштары, кучак жайып тосуп алышты! Мен андай тосууну куткон эмес элем. Анан авто унааларга салып атайы даярдалган МАИ кызматкерлеринин коштоосу менен алып жоношту.

Барсак жети облусттан келген жаштар чогулуп отурушуптур. Анан бизди 2 адамдан Колдон,Чуйдон,Баткенден,Жалал-Абадтан, Нарындан,Таластан келген делегаттарды чоогу биримдиктуу кылып болуштурушту!Андан сон ресторанга барып,болушунча майрамдадык,тааныштык! Форумдун экинчи куну Ош шаарына бир кун кечке саякат кылдык. Оштун сыймыгы болгон Сулайман тоосуна, Улуу Манастын жаны курулган айкелине,жаны салынган парктарга  конок катары барып болушунча коруп суротко да тушуп ай,бир жыргадык. Ал эми кечинде ошол кундун, Ош шаарынын журту менен Ош шаарынын 3012 жылдык туулган кунун тосуп,майрамдадык.

Ал эми форумдун 3 куну Ош шаарын мэри М.Мырзакматов менен жолугушуу болуп отту. Ал жактан 7 дубандан келген жаштар оз идеяларын,оз пикирлери менен болушуп,талкууга алдык.Канткенде Кыргызстандын жаштары, тундук-туштук деген илдеттен арылып,оркундоп, осчу Кыргызстаныбызды онуктуробуз деп талкуулап ой-пикирлер менен болуштук.

 

 

Ошентип 4-5 саатка созулган, жоолугу аяктады жана Жаштар бир ойго келип,областтар арасында тыгыз кызматташтык кылууну чечип, атайы документтерге кол койулду. Жана баардык делегаттар, форумдун сонунда аябай капалуу коштоштук. Себеби биз бур туугандай жакын болуп калыптырбыз!

Ош элинин жаштары бул форумду мыкты денгээлде уюштурушуптур!  Ал эми мен оз ойумду айта турган болсом, чындыгында эле “Озгорууну озубуздон баштоо” керек экен! Жана ар бир Оштук же Колдук,Нарындык,Баткендик эмес: Кыргызстандыктардын ар-бири ” Оз омурубузду, Олкобуздун онуугусуно” арнообуз керек!

 

4 комментариев на “Ошко саякат! “Озгорууну озундон башта”!

  1. admin
    Вторник октября 16th, 2012 at 15:24

    Жакшы макалаларды жазып жатасың. Бир гана бир аз кыжалат кылганы, кыргыздын ӨҢҮ, б.а. кыргыз тамгалары жок болгону.
    Бул жерде кантип кыргыз тамгаларын компьютерде терүүгө болоорун жазгам http://tokoev.journalist.kg/2012/07/10/blogdu-kantip-kyirgyizchalasa-bolot/.
    Жардамы тийип калаттыр.

  2. azamat
    Среда октября 17th, 2012 at 06:25

    макул чон рахмат! Мындан сон кыргыздын тамгалары менен жазууга аракеттенем!

  3. Пятница октября 19th, 2012 at 14:15

    Абдан жакшы жөрөлгө болуптур. Эми караколдук жаштар, кезек силерде! Оштун жолу оңой эмес, Кыргызстанда буюрса жолдор оңолсо, ары-бери каттагандар көбөйсө жакшы болот.

  4. aitbaev
    aitbaev
    Суббота октября 20th, 2012 at 11:41

    Кудайым буюруса келечек алдыда!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *